Бүгүн, 10-майда ЖЭБдеги күмөндүү жагдайды иликтеген депутаттык комиссия корутундусун чыгарды. Ушул маселеге ылайык, SUPER.KG порталынын "ЖЭБди жаңылоого байланыштуу кемчиликтерди иликтеген депутаттык комиссия жооптуулардын атын атоодо саясий чайкоочулук кылып жатабы?" деген соболуна саясат таануучу Даниел Кадырбеков жооп берди.
Саясат таануучунун айтымында, кол койгон гана адамдарды эл алдына алып чыгып коюу менен маселе чечилбейт.
"Депутаттык комиссиянын буга чейинки чыгарган маалыматына таянсак, комиссиянын максаты эмне экени түшүнүксүз болуп жатат. "ЖЭБди модернизациялоо жана кредит алуу керек беле?", "ЖЭБге алынган кредиттин жарымы сол чөнтөккө кирип кетти беле?" деген суроону бөлүп караш керек деп ойлойм. Ошондой эле ЖЭБ боюнча депутаттык комиссия түзүлүп жатканда "ЖЭБде модернизация болуп жатканда эмнеге шалаакылык болгон? Эмнеге баасы кымбат кеткен?" деген суроолор коюлган. Депутаттык комиссия ушул суроолорго толугу менен жооп бериш керек. Бул жерде кол койгондорду эле таап туруп, элге салып берип койгону туура эмес деп ойлойм, себеби бир жыйынтык чыкпай калат.
Экинчиден, ошол убакта президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары жана тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси Сапар Исаковдун президентке кат жазганы жана ошол кездеги президент өкмөт мүчөлөрүнө түздөн-түз буйрук бергени мызамга туура келбей турган нерсе. Энергетика, ЖЭБ, насыя алуу маселелери президенттин милдеттерине кирбейт. Кредит боюнча экс-президент өзүнө жакын белгилүү бир топ менен жасаган операциясына жана формалдуу түрдө эле тийиштүү министрлер кол койгону болбосо, бардык ишти өзү чечип жатканына сайсий баа берилиши керек, жоопкерчилиги да бар. Депутаттык комиссиянын логикасы менен кетсек, кол койгон гана формалдуу эле тиешеси бар адамдарды элге салып бере турган болсо, анда 5-чакырылыштын депутаттары да бул долбоорду ратификациялаган, бул кредит алынгандан кийин ТВЕА менен тендерсиз макулдашуу болгон. Андай болсо көзөмөлдөө органдары иш козгошу керек. Ошондуктан бул жерде кредит алуудагы коррупциялык иш боюнча да изилдөө башталышы керек", - деди Кадырбеков.
Жогорку Кеңештин депутаттары Рыскелди Момбеков, Иса Өмүркулов, Таалайбек Масабировдун жана экс-депутат Өмүрбек Абдырахмановдун пикири бул шилтемеде.