Жайбаракат жүргөн жолчулар, тургундарды жүдөткөн унаа тыгыны. "Ош базарынын" жанындагы оңдолуп жаткан жолдон сүрөттөр

Учурда Бишкектеги 20дан ашык көчөнүн айрым бөлүктөрү оңдоо иштерине байланыштуу жабык турат. Алардын бири Чүй кең көчөсүнүн Жаш Гвардия бульварынан Павлов көчөсүнө чейинки бөлүгү. Аталган бөлүктүн жабылганына бир айдан ашык убакыт болгонуна карабай оңдоо иштери дале бүткөрүлө элек. Бул көчө "Ош базарынын" жанында болуп, маршруттук таксилер көп өткөндүктөн унаа тыгыны көпчүлүк шаар тургундарынын нааразычылыгын жаратууда. Бүгүн, 10-майда оңдоо иштери кандай жүрүп жатканына кызыгып, аталган жерге бардык.

Биз барган учурда ишти аткарып жаткан "Чайна Роуд" компаниясынын айрым жол кызматкерлери иштемиш этип жүргөнү менен, көпчүлүгүнүн камырабай басып жүргөнүн байкадык. Өзүн Рустам Айдакеев деп тааныштырган бригадирдин айтымында, иш өз нугунда жүрүп жатат. Бирок аба ырайына байланыштуу оңдоо иши качан аягына чыга турганын так айта албастыгын белгиледи. Чүй кең көчөсүнүн Жаш Гвардия бульварынан Павлов көчөсүнө чейинки бөлүгү 660 метрди түзөт.

"Жумуш апрель айынын аягында башталды. Ошол күндөн бери эле 30 жумушчу жана керектүү техникалар менен эртең мененки саат 7:30дан кечки 18:00гө чейин тынымсыз иштеп жатабыз. 12-майдан баштап асфальт төшөөнү баштайбыз деп жатсак, 12-майдан кийин бир жума жамгыр жаайт экен. Жамгыр жааган учурда асфальт төшөсөк эмгек текке кетет. Себеби асфальттын астында калып кеткен суулар суук түшкөндө тоңуп калып асфальтты жарып кетет. Ошентип жол бир жылга жетпей талкаланып баштайт. Андыктан бир жума убакытты текке кетирбейбиз деп жатып, элди нааразы кылгандан көрө аба ырайы ыңгайлуу учурду күткөн жакшы. Аба ырайы жакшы болуп калса, аз күндүн ичинде ишти бүткөрөбүз", - деди Айдакеев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
omurbek1990
2018-05-10 19:36:50
Коп элди кыйнады бул жол.
+2
Komrad
2018-05-10 20:39:30
Апрелдин башында жабылган
+2
daiyrbek01
2018-05-11 08:50:15
Булар жыргатпай калдыго
0
nurik903
2018-05-11 09:56:31
техника жетишпейт бизге эски жарабай калган баары
0
Mularamov
2018-05-11 10:08:34
kiyev kochosun chygyshka
ryskulobany batyshka karatyp bir bagytuu kylyp tirsa bolboybu ubaktyluu baaryn
ryskulovaga tykpay
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан