"Ош базарындагы "Берекет" соода борборунун директору үй камагына чыгарылды

"Ош базарындагы" "Берекет" соода борборунун директору Рафкат Момункулов үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жогорку Соттун басма сөз кызматы билдирди.

"Бишкек шаардык соту 7-май күнү "Берекет" соода борборунун директору жана имараттын өрт коопсуздугуна жооп берген кызматкерин үй камагына чыгарды. Учурда кандай себептер менен чыгарылганы тууралуу маалыматтар жок", - деди маалымат катчы.

Эске салсак, 13-апрелде "Ош базарындагы" "Берекет" соода түйүнүнөн түнкү саат 3:00дөр чамасында өрт чыккан. Өрттү өчүрүү үчүн 14 техника жана 96 өрт өчүрүүчү кызматкерлер тартылган. Алдын ала алынган маалыматтар боюнча, базардын 5 миң 400 чарчы метр жери күйүп кеткен. Өрт катталганын уккан айрым соодагерлер эртерээк келип, контейнердеги товарларын сыртка чыгарууга аракет кылышкан. Айрым сатуучулардын товарлары дээрлик күйүп кетип, күлгө айланган. Ал эми 24-апрелде "Ош базарындагы" "Берекет" соода борборунун директору жана имараттын өрт коопсуздугуна жооп берген кызматкери камакка алынган. Буга чейин да "Ош базарынан" 2 ирет өрт чыгып, соодагерлер материалдык чыгым тартышкан. ӨКМ биринчи жолку кырсык өрт коопсуздугу сакталбаган электр зымдарынан чыкканын, 2-жолкусунда атайын кимдир бирөө тарабынан өрттөлгөнүн билдирген. Алдын ала айтылган маалыматтар боюнча, бул ирет да базар атайын өрттөлүшү мүмкүн экенин аталган мекемеден билдиришкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
aza84
2018-05-10 18:40:46
Акча берип койду окшойт
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан