Бүгүн, 10-майда Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан кикбокс боюнча Азия чемпиондугунда Кыргыз спортчу Уланбек Касымбеков чемпиондукту багындырды.
54 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашкан Касымбеков финалда индиялык Суши Кумар менен беттешти. Беттештин 1-таймында Касымбеков таамай соккуларды узатып, индиялык мушкерди 1 жолу нокдаун абалына кетиргенге үлгүрдү. 2-таймдын ортосунда таамай соккусу менен Суши Кумарды нокаутка кетирип, жеңишке жетти. Муну менен Уланбек Касымбеков Азиянын 3 жолку чемпиону аталды.
Эске салсак, Уланбек Касымбеков - 2015-жылдын кикбокс боюнча Дүйнө чемпиону. Ал 2017-жылы беттеш учурунда жаракат алып, эки көзүнө тең операция жасаткан.