Бүгүн, 11-май күнү Бишкектин айрым көчөлөрүндө жана конуштарда жарык өчүрүлөт. Бул тууралуу маалыматты "Түндүкэлектр" ишканасы кабарлады.
Жарык өчүрүлчү көчөлөр жана конуштар:
- 09:00дөн 12:00гө чейин - Матыев, Абдыкадыров, Красная көчөлөрү менен Барнаул, Украинский көчөлөрү;
- 09:00дөн 17:00гө чейин - Тыныстанов көчөсүндөгү №20-үй;
- 09:00дөн 18:00гө чейин - Саадаев, Манас, Можайского, Репин, Космический, Арча-1 көчөлөрү, Витебск, Бреславский көчөлөрү;
- 09:30дан 17:00гө чейин - 5-кичи райондогу №43-үй;
- 09:30дан 18:00гө чейин - Тоголок Молдо, Курган, Күрөңкеев, Токтоналиев, Малдыбаев, Жаманбаев көчөлөрү, Калыс-Ордо, Ак-Бата конуштары (12-13-14-көчөлөрү) менен №6-кичи район (№27/1, 28, 29, 30, 34 үйлөр);
- 13:00дөн 17:00гө чейин - Орок конушу (Кочкор-Ата көчөсү);
- 00:00дөн 05:00гө чейин - Кайназарова, Месароша, Патрис Лумумба, Профсоюз көчөлөрү, Достук жана Касым конуштары.