Президент Сооронбай Жээнбеков Швейцариянын Улуттук банкынын төрагасы Томас Йорданды кабыл алды

Кечээ, 10-майда президент Сооронбай Жээнбеков Швейцариянын Улуттук банкынын төрагасы Томас Йорданды кабыл алды. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, мамлекет башчысы эл аралык конференциянын катышуучуларынын жогорку деңгээлин белгилеп, ал жемиштүү болоруна ишенимин билдирди.

"Биз Кыргыз мамлекети менен Швейцариянын ортосундагы кызматташтыкты жогору баалайбыз. 25 жылдан ашуун өлкөнүн Улуттук банкына жана банк системине көрсөтүлүп жаткан техникалык жана каржылык жардам үчүн ыраазычылык билдирем. Бул жардам абдан натыйжалуу", - деп белгиледи президент.

Томас Йордан Швейцария Кыргыз өлкөсүнүн ишенимдүү өнөктөшү экенин баса белгилеп, улуттук валюта – сомдун 25 жылдыгы менен куттуктады.

Сооронбай Жээнбеков Кыргыз мамлекети үчүн Европалык өнөктөштөрдүн көрсөтүп жактан колдоосу абдан маанилүү экенин белгилеп, эң жогорку деңгээлдеги, мамлекеттик органдардын деңгээлинде дагы мындан аркы жемиштүү кызматташтыкка ишенимин билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан