4 жыл мурун чоочун жигиттер менен баратып сууга түшүп кетип каза болгон жолоочу кыздын аты-жөнү дале аныктала элек (абайлаңыз, сүрөт)

4 жыл мурун сууга түшүп кетип каза болгон жолоочу кыздын аты-жөнү дале аныктала элек. Бул тууралуу SUPER.KG'ге 11-майда Чүй РИИБинин опер кызматкери Улан Жунусов кабарлады. Анын айтымында, каза болгон кыз тууралуу ушул убакытка чейин эч кандай маалыматтар жок.

"Маалыматтарга караганда, бул кыз 2013-жылдын 1-октябрында Токмоктон Бишкекти көздөй жөнөмөкчү болуп жолдо унаа тосуп турган. Ошол учурда Ауди-А6 үлгүсүндөгү унаада бараткан эки жигит анын жанына токтоп калып, өздөрү менен бирге сыра ичүүнү сунушташат. Экөө тең мас абалда болушкан. Кыз макул болгондон кийин аны салып алып, Чүй районундагы Дөң-Арык айылы тарапты көздөй жөнөшөт. Токмок-Кошой унаа жолунда баратканда унаа башкаруудан чыгып кетип, Чоң Чүй каналынын жээгине тыгылып калат. Аны чыгарып алуу үчүн жигиттердин бири башка унаа алып келип, тыгылган унаанын рулуна кызды отургузуп коюп артты көздөй тартууга аракет кылышат. Бирок унаа көпүрөдөн ылдый кулап, сууга түшүп кетет. Ошол учурда кыз унаадан чыга албай каза болуп калат. Балдар мас абалда болгондуктан кыз тууралуу маалыматтары жок экенин айтышкан. Жакындары деле издеп кайрылышкан эмес. Ошондуктан бүгүнкү күнгө чейин аты-жөнү белгисиз", - деди Жунусов.

Аталган фактынын негизинде козголгон кылмыш иши боюнча Чүй РИИБинин тергөөчүлөрү тарабынан иликтөө иштери жүргүзүлүп, бирок кылмыштын курамы жок болгондуктан, эки жигит жазага тартылбаганы белгилүү болду.

Кыздын өзгөчө белгилери: болжолдуу түрдө жашы 20-25, бою 160-165 сантиметр болгон. Бет түзүлүшү сүйрү, чачы кара, ийинине чейин болгон. Ошол учурда ак түстөгү футболка, көк түстөгү жынсы шым кийип жүргөн. Ошондой эле жанында өзүнүн кийимдери салынган чоң сумкасы болгон.

Таанып-билгендер болсо, Чүй РИИБинин 0 (505) 30-08-87; 0 (701) 15-30-05 номурларына байланышып, кабарлап койсоңуздар болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Pamirlan
2018-05-11 10:22:10
Эмнеге эки жигит жазага тартылбады. Табылып калсын жакындары
+14
HanTegin
2018-05-11 13:47:36
Pamirlan, эки жигит куноолуу эмес да. Кырсык экен. Машинага оз каалоосу менен тушуптур.
-3
maks94.kb
2018-05-11 10:44:37
Ошончо жыл кайда журдунор эрте эле издесенер болмок да жакындарыны
+7
HanTegin
2018-05-11 13:46:17
maks94.kb,жакыны табылса оздугу такталмак да. Ким экени белгисиз турбайбы
0
Kojosh80
2018-05-11 12:39:20
Бул кызды көмүп коюшканбы
+2
nargiz94
2018-05-11 15:19:04
Балким оздору машиненин ичине отургузп туруп сууга туртуп жибергендир, ага жери мумкун башка окуя болгондур... Бир Кудай билет.
+3
Jelezo
2018-05-11 18:52:33
Акча бергенден кийин кылмыш курамы жок болуп калат,бергиче омур бою камаласынар деп уруп согуп акчаны ондуруп анан кой беришти да шордуу жигиттер ата энасин шорлотту да
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан