ЖЫЛНААМА, 11-МАЙ: Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Мирлан Бакиров 43 жашка толду

Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Мирлан Бакиров 1975-жылдын 11-майында Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Кызыл-Үңкүр айылында туулган.

Ал Кыргыз мамлекеттик улуттук университетин бухгалтердик эсеп адистиги боюнча аяктаган.

Эмгек жолун 1996-жылы Мамлекеттик салык инспекциясынын Жалал-Абад облусу боюнча акциз бөлүмүндө инспектор болуп иштөөдөн баштаган.

1998-1999-жылдары "Жалал-Абад АА" корпорациясынын башкы бухгалтери;

1999-2003-жылдары Жалал-Абад облфинбашкармалыгынын бюджет бөлүмүнүн башчысы;

2003-2005-жылдары "Марьям и Ко" ЖЧКсынын директорунун орун басары;

2005-2010-жылдары "Дан-Юг" ЖЧКсынын директору.

2010-2015-жылдары Жогорку Кеңештин депутаты;

2015-жылы "Өнүгүү-Прогресс" партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган.

2017-жылы 13-декабрда Жогорку Кеӊешинин төрагасынын орун басары болуп шайланган.

Үй-бүлөлүү, төрт баланын атасы.

11-майга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан