Бүгүн, 11-майда өкмөттө күз-кыш мезгилине карата даярдык көрүү боюнча маселе каралат. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, ошондой эле 2017-2018-жылдын күз-кыш жылытуу мезгилинин жыйынтыктарынын каралуусу да күтүлүүдө.
Баяндаманы Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Уланбек Рыскулов жасайт. Жыйын премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин катышуусунда өтөт.
Аталган маселе 4-майда каралмак, жыйын жүйөлүү себептерден улам жылдырылган.