Мэрия: "Бишкекте мыйзамсыз курулган кафе бузулду. Мындай иштер уланат"

Борбор калаада муниципалдык аймакка мыйзамсыз курулган кафе бузулду. Бул тууралуу шаар мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, мекеме Анкара жана Виноградный көчөлөрүнүн кесилишине, тиешелүү документтери жок курулган. Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын билдирүүсү боюнча, кафе курулган жер муниципалдык парктын аймагына кирет.
"Курулуштун жалпы аянты 72 чарчы метр жерди ээлейт. Мекеменин ээсине анын мыйзамсыз салынып жаткан курулушун бузуу боюнча маалымдоо берилген. Мындан улам Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын өкүлдөрү менен "Тазалыктын" кызматкерлери биргеликте кафени бузушту. Ошондой эле ал жерди курулуш каражаттарынан арылтуу тапшырылган", - деп айтылат маалыматта.
Мындан сырткары, алдыңкы күндөрү тиешелүү документтери жок жана технологиялык талапка жооп бербеген, курулуп бүткөн жана курулуп жаткан жайлар бузулары кошумчаланган билдирүүдө.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан