Сочиде Жээнбеков Путин менен жолугат

Президент Сооронбай Жээнбеков 14-майда Орусиянын Сочи шаарына иш сапары менен барат. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнөн кабарлашты.

Маалыматка караганда, президент Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынына катышат. Жыйындын жүрүшүндө ЕАЭБдин алкагында соода-экономикалык аракеттенишүүнүн актуалдуу маселелери жана эл аралык кызматташуу маселелери талкууланат.

Ошондой эле Сооронбай Жээнбеков менен Орусия президенти Владимир Путин эки тараптуу жолугушуу өткөрөт, тараптардын соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташууну талкуулоосу күтүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан