Бүгүн, 11-майда Улуттук статистика комитетинде өлкөнүн 2018-жылдын январь-апрелиндеги социалдык-экономикалык абалынын жыйынтыктары талкууланды. Андагы айтылган маалыматтарга караганда, жыл башынан бери эмгек акынын жогорулашы өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу экономикалык ишмердиктин бардык түрүндөгү ишканаларда жана уюмдарда байкалган. Бирок эмгек акынын эң олуттуу жогорулашы (18,1 пайыз) курулуш тармагында байкалган.
Ал эми милдеттүү социалдык камсыздоодо 10,9, каржылык ортомчулук жана камсыздандырууда 12,9, кесиптик, илимий жана техникалык ишмердикте 10,7, пайдалуу кен казууда 10,5, кыймылсыз мүлк операцияларында 10,2 пайызга байкалган. Ошондой эле электр энергия, газ, буу жана кондицияланган аба менен камсыздоодо 9,2, маалымат жана байланыш тармагында 16 пайызга жогорулаганы айтылды.