Орусияда иштеген 3 балалуу келин каза болуп, сөөгү Кыргыз жерине алынып келди. Бул тууралуу Кыргыздын Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы SUPER.KG'ге кабарлады.
Берилген маалыматка ылайык, маркумдун сөөгү бүгүн, 11-майда учак менен Ошко алынып келген. Ал Орусиянын Иркутск шаарындагы ооруканалардын биринде көз жумган.
"Келиндин эмнеден улам каза болгондугу тактала элек. 40 жаштагы Д.Б. Иркутск шаарында эмгектенип келген. Сөөктү мекенине алып келүүгө маркумдун туугандарынын чамасы жетпегендиктен, алар жардам сурап коомчулукка жана ТИМге кайрылышкан", - деди ТИМдин маалымат катчысы.