Бишкек шаарындагы Абай көчөсүндө жайгашкан карылар үйүнүн жашоочулары боз үйлүү болушту. Бул тууралуу SUPER.KG порталына уюштуруучулар билдирди.
Маалым болгондой, бул демилге карылар айылын, жаштыгын сагынганда отуруп, сагынычын жазуусу үчүн уюштурулган.
"Ыйык Рамазан айынын башында "Карыларга мээрим" деген акцияны баштадык. Азыркы учурда бул карылар үйүндө 82 кыргыз ата-апалар бар экен. Аларга мамлекет тарабынан күнүнө тамак-ашка деп киши башына 100 сомдон, дары-дармекке 12 сом 50 тыйын бөлүнөт экен. Аз да болсо пайдабыз тийсин деп ушул социалдык акцияны баштадык", - дейт уюштуруучу.
Ошондой эле бул иш-чарага мурдагы вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова демөөрчүлүк кылып, боз үйдү алып бергенин кошумчалады.