Бүгүн, 11-майда өкмөт 2017-2018-жылдардагы күз-кыш жылытуу мезгилинен өтүүнүн жыйынтыктары жана 2018-2019-жылдагы күз-кыш мезгилине даярдык жөнүндөгү жыйынын өткөрүүдө.
15:15. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев энергетика тармагына бөлүнгөн миллиарддаган сомдор сарамжалдуу колдонулуп жатканында күмөн бар экенин айтты. "ЖЭБдеги шалаакылыктын айынан Бишкек тургундары жабыр тартты. "Улуттук энергетикалык холдинг" компаниясынын жооптуу кызматкерлери "оңдоо иштери толук жүргүзүлдү, кышка даярбыз" деп билдиришкен. Токтогул ГЭСинде буга чейини 2 кырсык болду, ЖЭБде бир кырсык болду. Муну айрымдар билсе, айрымдар билген жок. Бишкек ЖЭБиндеги кырсык бардык көйгөйлөрдү ачыкка чыгарды, биз бул маселени чечишибиз керек. Мындан ары мындай нерсени болтурбоого аракет кылышыбыз керек. 2018-2019-жылга жогорку деңгээлде даяр болушубуз керек", - деди Абылгазиев.
15:30. Экологиялык жана техникалык инспекциянын башчысы Канатбек Муратбеков премьер-министрге кайрылып, Бишкек ЖЭБде жана өлкөдөгү башка жылуулук борборлорунда текшерүү жүргүзүүгө протоколдук тапшырма берүүсүн сурады. "Бизде от казандарды текшерүүгө укугубуз жок. Протоколдук тапшырма берсеңиз, көзөмөл кылып турмакпыз", - деди Муратбеков.
Мындан тышкары ал Бишкек ЖЭБде химиялык цехтин техникалык-экономикалык негиздемеси жок болгондуктан, иш токтотулганын айтты. "Химцехти долбоору жок иштетүүгө больбойт", - деди Муратбеков. Өкмөт башчы бул маселени чечүүнү тапшырды.
15:50. Өкмөттүн Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Уланбек Рыскулов көмүр кымбаттап жатканын айтып, мындан улам жылуулукка болгон тарифтерди көтөрүү керектигин айтты. "Күйүүчү май жана башка нерселердин баасы өсүп жатат, аларга төлөйбүз, ал эми көмүргө болгон баа көтөрүлгөнүнө карабай тарифке болгон баа сакталып турат", - деди Рыскулов.
Өкмөт башчы Абылгазиев бул тармакты ачыктап, элди ишеничине кирмейин тариф жөнүндө сөз болбош керектигин айтты.
16:00. Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Уланбек Рыскулов: "Бишкек ЖЭБи, ачык айтканда, казак көмүрүнөн баш тарта албайт. Кыргыз көмүрү менен иштөөнү жолго коюу үчүн чоң каражат керек. Казак көмүрү биздикинен кымбат түшүп калат, аны ташып келүү маселеси бар, бизде темир жол менен ташууга мүмкүнчүлүк жок болгондуктан, автоунаа менен ташып калабыз", - деди Рыскулов.
16:05. Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев монополия бар жерде сөзсүз коррупция болорун айтты. "Энергетика тармагына рыноктук системин киргизишибиз керек. Учурда энергетика тармагына 107 миллиард сом карызыбыз бар экен. Мындан кутулуу үчүн бир жылдык бюджетибиз керек. Учурда энергия менен өзүбүздү камсыздап калдык, бул дагы жакшы", - деди Абылгазиев.
16:20. Мухаммедкалый Абылгазиев: "Өзүбүздүн көмүрдү иштетүүнү жолго коёбуз. ГЭСтерди оңдойбуз, бул тармакты ачыктыкка алып келебиз. "Боло берет, жей берсе болот" дегендер менен иштешүүнү токтотобуз. "Энергетикалык холдинг" менен биргеликте энергетика тармагындагы иштер кандай багытта жүргүзүлөрү тууралуу программа түзүшүбүш керек. Бардык бөлүнгөн каражаттар эски тетиктерди оңдоого гана коротулуп жатат, бул маселени чечишибиз керек", - деди премьер.
16:45. Өкмөт башчы Абылгазиев: "2017-жылы бюджеттен 4,4 миллиард сом айыл жергесиндеги жолдорду салууга бөлүнгөн. Ошондой эле 76 мектеп салынган, эми айылдарга интернет жеткиришибиз керек, интернет барса айыл тургундары да шаар тургундары сыяктуу мамлекеттик кызматтардан колдоно алышы керек. Айыл, район жерлеринде канализация, ар бир үйгө суу киргизүү аракеттери башталды".
Мындан тышкары ал жергиликтүү бийликтин ортосунда рейтинг түзүшүбүз керектигин баса белгиледи. "Ким, кайсы жетекчи канча инвестиция тарткандыгын аныкташыбыз керек", - деди Абылгазиев.
17:00. "Миграцияны токтотпосок, айылдарда киши калбай калат. Айрым айылдар бош калышы мүмкүн. Мунун баары мамлекеттик коопсуздукка маселе жаратат. Биздин тамыр айылда", - деди Абылгазиев.
17:32. Жыйын аяктады. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бардык министрлерге антты эскертти. "Өткөндө баарыбыз ант бергенбиз, ант деген ыйык", - деди премьер.
Өкмөт кышкы мезгилге даярдыкты талкуулады