18-майдан 20-майга чейин Кыргыз өлкөсүндөгү музейлерде "Музейдеги түн" аталышындагы иш-чара өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалым болгондой, иш-чарага Бишкектеги 15 музей, театр, китепканалар жана облустардагы 9 музей катышат. Бул долбоор быйыл бешинчи ирет өткөрүлүүдө. Иш-чара "Айтматов дүйнөсү", "Көчмөндөр дүйнөсү" деген темалардын алкагында уюштурулат.
Ошондой эле белгилүү сүрөтчүлөр өз тажрыйбалары менен бөлүшүп, иш-чара өтүп жаткан имараттардын алдында жаш сүрөтчүлөр, скульпторлор үчүн атайын аянтчалар ачылат.