Ала-Букадагы аскердик бөлүктүн танктары айылдык көчөлөрдөн 9-майдагы жүрүштүн алкагында өткөн. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Генералдык штабдын басма сөз кызматы билдирди.
"Туура, Ала-Букада №30670-аскердик бөлүк жайгашкан. Андагы танктар машыгуулардын алкагында атайын түзүлгөн маршруттук багыт менен акыркы жолу март айында айыл жолдорунан өткөн. Ал эми жакын арада болсо, анда 9-майга карата майрамдык жүрүшкө даярдануу максатында айыл көчөлөрүнөн өтүшкөн. Күн сайын айыл аралайт деген маалымат чындыкка дал келбейт", - дейт басма сөз катчы.
Айта кетсек, буга чейин окурман "Элдик кабар" бөлүмүнө "Ала-Букадагы аскердик бөлүктүн танктары ар күнү айыл көчөлөрүн аралап өтөт. Андан үйлөр солкулдап, балдар коркуп ыйлай баштайт", - деген билдирүү жиберген.