2018-жылы берилүүчү битир-садаганын баасы белгилүү болду
2018-жылы берилүүчү битир-садага 30 сомдон башталат. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, быйыл Рамазан айында берилүүчү битир бир адамга 1 килограмм 600 грамм буудайдын баасына барабар болот. Натыйжада базар баасы менен алганда битир ар бир адамга 30 сомдон эсептелди. Мындан сырткары садага-битирди жан башына ушундай эле салмактагы (1 килограмм 600 грамм) ун, мейиз же 3 килограмм 200 грамм салмактагы арпа, курма же анын акчалай наркы менен берсе болот.
"Баалардын туруксуздугуна байланыштуу садага-битирди берген учурда 1 килограмм 600 грамм буудай, ун, мейиздин же 3 килограмм 200 грамм арпа, курманын баасына көңүл бурууңуздарды эскертебиз", - деп жазылат маалыматта.
Ошондой эле быйылкы жылы битирдин башка азыктар менен болгон баасы төмөнкүдөй: буудай 30 сом, мейиз 384 сом, ун 35 сом, арпа менен 48 сом жана курма менен 480 сомду түзөт.