11-майда президент Сооронбай Жээнбеков эл аралык Валюталык фонддун директорунун орун басары Тао Жангды кабыл алды. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, мамлекет башчысы аталган фонддун делегациясы өлкөнүн улуттук валютасынын 25 жылдыгына арналган эл аралык конференцияга катышып жаткандыгын канааттануу менен белгиледи.
"Биз эл аралык Валюталык фонду менен болгон кызматташтыкты жогору баалайбыз жана реформаларды ишке ашырууда, экономиканы өнүктүрүүдө Кыргыз мамлекетин ар дайым колдогонуна ыраазычылык билдиребиз. Аталган фонд менен бекем жана өз ара пайдалуу өнөктөш мамилелерди бекемдөөгө кызыкдарбыз", - деп белгиледи Жээнбеков.
Эл аралык валюта фондунун директорунун орун басары Тао Жанг Сооронбай Жээнбековду Кыргыз өлкөсүнүн президенттик кызматына шайланышы менен куттуктап, жооптуу ишмердигине ийгиликтерди каалады.
Ал аталган фонд Кыргыз мамлекети өзүнүн стратегиялык өнөктөшү деп эсептээрин жана өлкөнүн экономикасын өнүктүрүү боюнча кызматташтыкты ийгиликтүү улантуу ниетин билдирди. "Ушундан улам Кыргыз өлкөсүнө өзүм келип, сизди улуттук валютанын 25 жылдыгы менен куттуктап жатам", - деди Тао Жанг.