"Манас" эл аралык аэропортунда сүрөткө түшүү үчүн атайын дубал пайда болду. Бул тууралуу маалыматты сүрөттөрү менен ишкана өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.
Аэропорттун кардарлары үчүн жасалган ЭКО-дубалдын алдына атайын чемодандардан жасалган орундуктар жайгашкан. Аталган аймакка ар бир каалоочу келип сүрөткө түшө алат.