Ысык-Көлдөгү "Аврора" пансионатынын жетекчилигине айып пул салынды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, пансионаттын жетекчисине 10 миң сом, тамактануу бөлүмүнүн жана кампа башчыларына 5 миң сомдон, дарыгерине 3 миң сом айып пул салынды. Тамак-ашка ууланган 24 адамдын 16сы учурда бейтапканада дарыланууда. 8 адам ооруканадан чыгарылган. Анын жетөөсү Азия биринчилигине келген чет өлкөлүк спортчулар болгон. Ал эми ооруканада жаткандардын абалы канааттандырарлык экенин министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.