Түштүк Кореяда Кыргыз студенттеринин курултайы өттү

12-майда Түштүк Кореяда Кыргыз студенттеринин курултайы өтүп, "Kyrgyz Global" уюму негизделди. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Түштүк Кореяда окуган Кыргыз студенти Нурсултан Алтыбаев билдирди.

Анын айтымында, курултайга Кыргыз мамлекетинин Түштүк Кореядагы элчиси Кылычбек Султан катышты. "Буга чейин конференция, семинарлар өтүп келген. Быйыл биринчи жолу 150 студенттин катышуусунда курултай өттү. Иш-чарага Кореянын ар бир шаарынан студенттер келди. Мурда Сеул шаарында "Кыргыз студенттер", андан кийин "Түштүк Кореядагы студенттер биримдиги" деген уюм түзгөнбүз. Бүгүн бул уюмдун атын өзгөртүп, "Kyrgyz Global" уюму деп негиздедик. Уюмдун максаты - Кыргыз студенттеринин биримдигин жана ынтымагын сактоо. Ошондой эле биздин максатыбыз Кыргыз өлкөсүнө байланышкан ар кандай иш-чараларга катышып, Кыргыздын маданиятын, каада-салтын чет өлкөгө жайылтуу болуп саналат. Мындан сырткары аталган уюм аркылуу мыкты студенттерди ар кандай долбоорлорго катыштырып, кадрдык өстүрүүгө салым кошолу деп жатабыз.

Курултайга катышкан элчи Кылычбек Султан ыраазы болуп, куттуктоо сөзүн айтты. Ал студенттердин мындай биримдиги жана ынтымагы сөзсүз түрдө жакшы жыйынтык алып келет деген пикирин билдирди", - дейт Алтыбаев.

Уюмдун президенти болуп Аскат Кубанычбеков шайланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
grace
2018-05-12 19:11:25
Эң сонун кабар экен! Кай жерде жүрсөңөр да аман болгула ылайым мекендештер!
+2
Miss.erkewka95
2018-05-12 19:18:25
Билим алуу, ийне менен кудук казуу сыяктуу дейт. Билиминерге таазим. Кыргыздын керегине жараган уул, кыздарынан болгула!
+2
nuri1
2018-05-12 21:50:25
Баардык карангылыкты, жапайчылыкты, манкуртчулукту билим гана женет. Андыктан билимдуулорго дуйно жарык. Билимге гана ишениш керек. Болбосо калабыз ээрчиме болуп. Азаматсынар биздин чет жактагы билим издеген мекендештер.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан