Бишкекте "Илим жана техника" фестивалы өтүп жатат

Бишкектин соода борборлорунун биринде “Илим жана техника” фестивалы өтүп жатат. Бул тууралуу уюштуруучулар билдирди.

Маалыматка ылайык, мектеп окуучуларына жана студенттер катышкан фестивалда жаңы технология менен ойлоп табылган 50дөн ашуун буюмдардын жана жабдуулардын көргөзмөсү уюштурулду. Анда окуучу жана студент ойлоп табуучулар жасаган роботтор, компьютердик программалар жана башка көптөгөн эмгектер коюлган.

“Илим жана техника” фестивалы алгач 4 жыл мурда уюштурулган. Быйылкы иш-чара 2 күнгө созулат. Эртең, 13-майда адистер атайын мастер-класстарды өтөт", - дейт уюштуруучулар.

Иш-чара SIFE/Enactus Кыргызстан бүтүрүүчүлөрүнүн бирикмеси, "Робототехника" бирикмеси жана бир катар өкмөттүк жана бейөкмөт уюмдардын колдоосу менен өтүп жатканын уюштуруучулар кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан