Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев эл аралык Валюта фондунун директорунун орун басары менен жолукту

12-майда премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев эл аралык Валюта фондунун директорунун орун басары Тао Чжан менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

"Быйыл биз Кыргыз Республикасынын улуттук валютасынын киргизилишинин 25 жылдыгын белгилеп жатабыз. Аймактарда өзүбүздүн улуттук валютабызды алгачкылардан болуп киргиздик. Акча насыя тутумунун калыптануу принциптерин бирдиктүү түшүнүү анын көз карандысыздыгын камсыздоо боюнча реформаны натыйжалуу аяктоону шарттады. Чейрек кылымда бир топ жыйынтыктар жетишилди. Анын ичинде аталган фонддун салымы да бар", - деп белгиледи Абылгазиев.

Тао Чжан өлкө калкынын жашоо деңгээлин жакшыртууга багытталган программаларды, долбоорлорду, максаттарды ишке ашырууда Кыргыз Республикасын мындан ары да колдоого даяр экенин билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
zhykyo
2018-05-13 09:54:28
Ммм
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан