Индонезияда чиркөөлөрдө жардыруу болуп 13 киши жаракат алды

Индонезиянын чиркөөлөрүндө жардыруудан 13 киши жаракат алып, бир адам каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, биринчи жардыруу бүгүн, 13-майда Индонезиянын Ява аралында жергиликтүү убакыт боюнча саат 07:00 (Бишкек убактысы менен 08:00) болгон. Жардыруу Сурабая шаарындагы ыйык Мария чиркөөсүндө орун алып, сыйынганга келген 1 адам каза болуп, жан кечти жарылып кеткен. Ошондой эле 2 полиция кызматкери жарадар болуп, 11 адам жаракат алганы айтылат.

Мындан сырткары протестанттык Жалан Дипонегоро жана "элүүнчүлөр" чиркөөсүндө да жардыруу болгон. Бирок бул жардыруулардан жабыркагандар тууралуу азырынча маалымат бериле элек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан