Бүгүн, 13-майда Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоого добуш берүү башталды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, шайлоо 6 жергиликтүү кеңеште өтүүдө. 1 шаардык кеңеште жана 5 айылдык кеңеште өтүп жатат. Бардыгы 126 депутат шайланат. Алар 105 айылдык кеңештин жана 21 шаардык кеңештин депутаттары.
"27 шайлоо участкалары добуш берүү үчүн ачылды. Жалал-Абад облусунун Көк-Арт, Аксы районунун Кара-Жыгач айылдык кеӊешинде, Токтогул шаардык кеӊешинде, Нарын облусунун Ат-Башы районунун Казыбек айылдык кеӊешинде, Ош облусунун Кара-Суу районунун Төлөйкөн айылдык кеӊешинде, Чүй облусунун Сокулук айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо мөөнөтүнөн мурда өтүп жатат. Шайлоочулардын акыркы тизмесине жалпы 45 миң 447 шайлоочу киргизилген", - деп жазылат маалыматта.