Жалал-Абад облусунун Аксы районунда 12-май күнү секундасына 21-26 метрге жеткен катуу шамал катталды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Алардын айтуусуна караганда, кырсыктан жабыркагандар жок.
"12-майда Аксы райондук гидрометеорологиялык станциясынын маалыматына ылайык ылдамдыгы болжол менен секундасына 21-26 метрге жеткен катуу шамал катталган. Шамалдын кесепетинен Кызыл-Туу айыл аймагындагы 17 турак үйдүн 47 даана шифери, 153 чарчы метр темир тунукелери учуп кеткен. Ошондой эле 9 чарбалык курулуштардын 37 даана шифери, 126 чарчы метр темир тунукелер жана 1 мектептин 20 даана шифери учуп, 0,75 чарчы метр айнеги жараксыз абалга келген.
Мындан сырткары, Жыл-Булак жана Сарымсак-Булун тилкелеринде шамалдын кесепетинен электр чубалгыларына терек кулап үзүп кеткен. Ошондой эле шамал Авлетим айыл аймагында 22 турак үйдүн 164 даана шифери, 488 чарчы метр темир тунукелери жана 9 чарбалык курулуштардын 72 даана шифери менен 149 чарчы метр темир тунукелерин учуруп кеткен", - дейт маалымат катчы.
Бүгүн, 13-майда комиссия тарабынан чыгымдарды тактоо жана электр чубалгыларын кайра калыбына келтирүү иш-чаралары жүргүзүлөрүн маалымат катчы кошумчалады.
Эскерте кетсек, "Аксыда сел жүрүп, катуу шамал үйлөрдүн чатырларын учуруп кетти" деген билдирүүсүн окурман "Соңку кабар" бөлүмүнүн "Элдик кабар" рубрикасына WhatsApp аркылуу жөнөткөн.