Өзгөн районундагы Чымбай айылынын кире беришиндеги туу алмаштырылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына айыл тургуну билдирди.
Эске салсак, "Соңку кабар" бөлүмүнүн "Элдик кабар" рубрикасына "Ош облусунун Өзгөн районундагы Чымбай айылынын тургундарынан жана Дөң-Булак айыл өкмөтүнөн Кыргыз Республикасынын туусун кордобоосун өтүнөм" деген билдирүүсүн окурман жөнөткөн.
"11-май күнү айылдын жаштары Чымбай айылынын кире беришинде илинип турган жарактан чыккан желекти алмаштырып коюшту", - дейт тургун.