Бишкекте “Кыргызстан сулуусу-2013” сынагы болуп өттү

Бүгүн, 21-июнда Бишкектеги Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз драма театрында “Кыргызстан сулуусу-2013” сынагы болуп өттү. Сынакка жалпысынан 22 сулуу катышты. Анда атаандаштар “Учурашуу”, “Эркин стиль”, “Жалпы чыгыш бийи” жана “Этникалык кечки кийим” деп аталган 4 тапшырма боюнча күч сынашты. 22 атаандаштын ичинен бардык тапшырмаларда өзүн мыкты көрсөтө алган Айпери Жаманкеева аттуу сулуу баш байгени жеңип, 2013-жылдагы “Кыргызстандын сулуусу” аталды. 1-орунду Карима Сүйүмбаева аттуу катышуучу ээлесе, 2-орунду Айдана Шарипова жеңди. Ал эми 3-орунга Айдана Ишматова ээ болду. Жеңүүчүлөр дипломдор жана баалуу белектер менен сыйланышты. Мындан сырткары сынактын катышуучуларына “Активдүү катышкандыгы үчүн”, “Саркеч сулуу”, “Өзүнө тарткан сулуу”, “Келишкен сулуу”, “Көңүл эргиткен сулуу”, “Жылмайган сулуу” жана башка 10 номинацияда дипломдор тапшырылды. “Сынак чукул арада эле уюштурулуп калгандыктан, интернет булактарына чыккан жарыяны окуп билген кыздар гана сынакка катыша алышты. Өлкөнүн аймактарынан катышуучулар болбой калды”,- дейт сынактын уюштуруучусу жана ишкер айым Рыскүл Намазбекова. Айтымында, бүгүнкү сынактын жеңүүчүсү ушул жылдын 29-июлунда Казакстанда өтө турган “Азия сулуусу” сынагына катыша алат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
erkele
2013-06-22 00:48:26
ой эмне кунуго эле конкурс откоро беришеби же каалаган адам откоро берсе болобу кечээ жакында эле отподу беле бул сынак
+3
Neba.
2013-06-22 04:43:39
erkele,Мындай конкурстар аябай кирешелуу бизнестер акчаныз кобуроок болсо заранее каалаган 1-2-3 орунду сатып алсанар болот баардыгы заранее чечилет так что не стоит удивлятся
+4
Almaz-85
2013-06-22 02:06:13
ушулардын неси сулууу
+1
opera
2013-06-22 03:50:24
Мага койсо гран-прини 3-орунду ээлеген сулууга бермекмин.
0
talas-1985
2013-06-22 04:18:26
тоббо ошто чек аранар ачык жатат кайтарылбай,анан кунуго эле бекерчилерди чогултуп конкурс откоросунор, буларга кеткен акчаны чек арачыларга бергиле алар жакшылап кайтарышсын
+2
doni89
2013-06-22 05:01:56
Кыргыздарда ушуго окшогон майда чуйдо майрамдар кобойуп кеттиго кыларга башка иш жокпу же кыздарды ушинтип кийинтип чыгарыпалып карагысы келгендер уюуштуп жатабы я?
+2
elmira93
2013-06-22 05:50:53
Мынча сулуу кыздар ээээ.
0
Ulanbek1992
2013-06-22 07:52:22
Кыздардын журушун кара, кандай ата эне макул болот кыздарын ушинтип кийинишине.
0
rozka
2013-06-22 08:53:42
Даа кыздарга соз жок жакшынакай экен. Чындап эле сулуулар конкурсун коп откозуп калышты го
0
PROS
2013-06-22 10:04:07
Сулуулар конкурсу эмес эле, акчалуулар конкурсу болуп калыптыр!
+2
Bagirra
2013-06-22 12:01:24
эки кундун биринде эле сулууларды тандап жата берели, ушуга окшогон конкурстарды токтотуп жетим жесирлерге, кем багарларга конул болуп койсонор алардан миң бертебе бата алмаксыңар.
Ар деле жок калды биздин бизнесмен спонсорлорго!!!
+1
future_kg
2013-06-22 14:38:46
Чондор ойнош издеп атса керек да, бир жылда уч торт жолу откоруу деген неси?
+1
jamiyla
2013-06-23 22:24:09
10nominatsiyaga diplomdor tawyrylsa,anan 4 kiwige orun berse baikuw tiyaktagyle 6kyz kalyptyrda alarga dele ''ukmuwtai suluu''değen naam berip koiso beleksiz e4 kim kalmak emes ekenda)))
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан