Ош шаарынын айрым аймактарында эртең, 14-май күнү жарык берүү 8 саатка өчүрүлөт. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Ош шаарынын айрым аймактарында 14-май күнү саат 09:00дөн 17:00гө чейин 2018-2019-жылдардагы күз-кыш мезгилине даярдык көрүү иштерине байланыштуу өчүрүлөт.
Жарык берүү Фуркат, Таштак айылдарында, Маруфий, Бабур, Бакинский жана Кош-Таш көчөлөрүндө өчүрүлөт.