ЖЫЛНААМА, 14-МАЙ: Мурдагы финансы министри Ольга Лаврова 62 жашка толду

Мындан 62 жыл мурун, 1956-жылы 14-майда Кыргыз Республикасынын мурунку финансы министри Ольга Лаврова Орусия Федерациясынын Алтай аймагына караштуу Барнаул шаарында төрөлгөн.

1978-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин экономика факультетин "Финансы жана кредит" адистиги боюнча аяктаган;
Алгачкы эмгек жолун СССР Мамлекеттик банкынын Биринчи Май бөлүмүндө экономист кызматы менен баштаган;
1978-1985-жылдары Кыргыз ССРнин финансы министрлигинин экономисти, ага-экономисти, жетектөөчү экономисти;
1985-1993-жылдары Фрунзе шаардык финансылык башкармалыгында бөлүм башчысынын орун басары, бөлүмдүн начальниги;
1993-1996-жылдары Жогорку Кеңештин Көзөмөл палатасында инспектор, бөлүм башчы;
1996-2004-жылдары Эсептөө палатасынын төрагасынын кеңешчиси, аудитору;
2004-2005-жылдары финансы министринин орун басары;
2005-2007-жылдары Социалдык фондунун төрайымы;
2007-2012-жылдары "Газпромнефть Азия" ЖЧК башкармалыктын начальниги;
Ал эми 2012-жылдын 6-сентябрынан тарта финансы министри болуп, 2015-жылдын 11-апрелинде өз каалоосу менен отставкага кетүүгө арыз жазган. Арызга ал кездеги президент Алмазбек Атамбаев 13-апрелде кол койгон.
14-майдын жылнаамасы.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан