Мал багуу эрежелерин бузгандарга 50 миң сом айып пул салынышы мүмкүн

Жогорку Кеңештин агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитети 1-июнь күнү саат 10:00дө парламенттеги чоң жыйындар залында жаныбарларды идентификациялоо маселесине арналган парламенттик угуу өткөрөт.

Сунушталып жаткан мыйзам долбоору жаныбарларды идентификациялоо, ошондой эле мал көмүлгөн жайларды кайтаруу жана кармоо эрежелерин жана талаптарын күчөтүп, көзөмөлдү жана жоопкерчиликти жогорулатууга багытталган. Аталган демилге ЕАЭБ талаптарына аткаруу үчүн да маанилүү роль ойнойт.

Аталган мыйзамда малдарды идентификациялоо талаптарын так аткарбаган, өлгөн малдарды туура эмес жерге көмгөн жана мал көмүү үчүн берилген аймакты жайыт катары пайдаланган жарандарга айып салуу сунушталууда. Айып пулдун өлчөмү жарандарга 50 миң сом, кызмат адамдарына 75 миң сом деп белгиленген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
lenin1870
2018-05-14 09:24:31
Ошондо малдардын да отдельно мазары болуп калабы болбогон теманы козгопсунар чондорубуз.
+11
Atas
2018-05-14 10:57:48
Жепутат деген мыйзам чыгарып чон гонорар ( сыйлык алат ошону учун ар нерсе ойлоп таба беришет
+3
nurbek56
2018-05-14 09:25:57
кайактага нерселерди ойлоп табыша берет экен да озу бир мал 50.мин эмес оздоруно туура эмес иш кылганына карупция ж.б.у иштери учун 50.мин айып пул салышса казына тезирек толмок жем корлор айланып келип карапайым калкты кыйнагандан башка иш кылышты билишпейт
+8
Zainidin96
2018-05-14 09:51:10
Эми кылбаганынар ушул эле калды еле силерден сурайыкпы еми малды кантип карашыбыз керек екенин ойлонуп иш кылсанар боло
+6
Bolunbo.kyrgyz
2018-05-14 09:56:58
Еаэб тин талаптары деп катуу кеттинерго элдин коопсуздугун ойлогон адам жок. Кыргыздар ден солугу таза эл болбосо каяка барып депутат министир болмоксунар.
+3
nazarKGZ
2018-05-14 10:02:26
аны муну койуп чек араны чечкиле озу азыркы парламент таркап эле кетиши керек пайдасынан да зыянары коп
+6
bond02
2018-05-14 10:06:33
качантан бери мыйзамды бузуп эле келе жатышат го жанагы 120койдун ээси, биздин малдарга милдеттуу турдо кулагына бирка бастырды, бассын ошол 120койдун да кулагына.
+10
portugalia
2018-05-14 10:45:12
Ооруган малдарды озу комо турган жерлер болот го.Ошолор тууралуу соз болуп жатат.Алардын айткандары туура эле.Комуло турган жерлер жайыт катары колдонулбаш керек.
+2
zz2013zz
2018-05-14 10:52:38
Туура эле маселе,законду бузбасан сага эч ким айып пул салбайт
+2
fantomas
2018-05-14 11:02:51
50 мин аз, бир малдын акчасы. Андайларга акчалай эмес, кадимки эле жаза колдонуш керек. 5 жылга камалсын ошол малдын кожоюну...
-7
fantomas
2018-05-14 11:59:38
Бул жерде копчулук тексти тушунбой жатат окшойт. Кеп жугуштуу оорулар менен ооруган малдарды туура жайга комуу жана жугуштуу оорулар менен ооруган малдар комулгон жайыттарды колдонбоо тууралуу болуп жатат. Ошол эрежелер сакталбагандыктан айрымдары малдарына шарп, сибириская язва ж.б.ооруларды жуктуруп алып, ал оорулар эпидемияга айланып элдин малына жугууда, адамдар бюрцелоз болуп оорушууда. Ошол нерселерди алдын алыш керек, сактаныш керек, укпагандарды жазалаш керек деп айтууда.
+3
Ruslan4458
2018-05-14 12:43:53
Соо эмес биздин жеп жутарлар
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан