Лейлекте бензовоз унаасы сайга кулады

Баткен облусуна караштуу Лейлек районунун Кулунду айылында бензовоз унаасы сайга кулап калган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 13-майда саат 23:41де Кулунду айылынын Кушлук-Сай сайында болгон. Анда бензовоз унаасы сел алып кеткен көпүрөдөн өтө албай сайга кулап калган. Бензовоздун ичинде 31 тонна күйүүчү май болгон. Окуя болгон жерге ӨКМнын 108-Өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары кулаган унаадагы солярканы сордурууга жардам беришкени айтылат.

Окуя болгон жерде ИИМдин кызматкерлери иликтөө иштерин жүргүзүп жатканы айтылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
kurguz...
2018-05-14 12:37:51
Тадикстанга жетпей калыптырда
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан