Өлкө аймагында 14-майдан 16-майга чейин туруксуз аба ырайы күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМнын маалымат кызматы кабарлады.
Маалым болгондой, 14-майдан тартып мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаап, тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүүсү күтүлөт.
14-15-майларда Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Ысык-Көл ойдуңунун чыгышында жаан-чачын катуу жаайт. 14-майда Чүй, Талас, Нарын, Ысык-Көл облустарында батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 17-22 метрге жетет.
14-15-майларда абанын күндүзгү температурасы төмөндөп: Чүй, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында 14-19 градус, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында 18-23 градус, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында 13-18 градус, тоолуу райондордо 10-15 градус, бийик тоолуу райондордо 0-5 градус жылуу болушу күтүлөт.
"Мындай туруксуз аба ырайы унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат", - деп айтылат маалыматта.