Аксыда жаандан кийин үйлөрдү каптаган селден улам өзгөчө кырдаалдар тартиби киргизилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, райондук Жарандык коргонуу комиссиясынын жыйыны өтүп, райондо өзгөчө кырдаал тартибин киргизүү жөнүндө чечим чыгарылган. Тиешелүү кызматтарга керектүү тапшырмалар берилип, Жарандык коргонуу комиссиясынын штабы түзүлгөн.
Ошондой эле басма сөз кызматынан кырсыктан жабыркагандарды тактоо жана кырсыктын кесепетин жоюу иш-чаралары жүрүп жатканын да кошумчалашты.
Айта кетсек, буга чейин ӨКМдан Аксы районунда сел жүрүп, турак үйлөрдү каптаганын билдиришкен.
Андан сырткары райондун тургундары катуу жааган жамгырдан кийин сел көчөлөрдөн дарыядай акканын да кабарлашкан.