Рита Карасартова: "Камактагы саясатчылар үчүн атайын мыйзам кабыл алуу коррупцияга жол ачат"

Парламенттин экс-депутаты Курманбек Осмонов бүгүн, 14-майда "Демократия жана саясий туткундар - бири-бирине коошпогон көрүнүш" аттуу форумда камактагы саясатчылар үчүн атайын мыйзам иштеп чыгуу керектигин айткан.

Осмоновдун сунушуна укук коргоочу Рита Карасартова каршы экенин айтып, бул коррупциялык иштерге жол ачат деген оюн билдирди. "Атайын мыйзамды кадимки мыйзам долбоору сыяктуу эле кабыл алып койсо болот. Бирок мындай мыйзам кабыл алынса, кийин өзүбүз анын курмандыгына айланабыз. Соттун катачылыгын өзгөрткөнгө дагы бир мыйзамдуу жолду ачып берген болобуз. Бул коррупцияга себеп болуп калышы мүмкүн. Бирөөнүн соттуулугун алууда да пайдаланылып кетет.

Ушул маселе көтөрүлгөндөн кийин мага жөнөкөй соттолгон кишилер тараптан чалып, "биз кантип саясий куугунтукталгандар тизмесине кирсек болот" деп сурап жатышат. Бул багытта биз жаңы ыкма таппай эле, жаңы мыйзам кабыл албай эле койгонубуз жакшы. 2016-жылы Конституцияга өзгөртүү киргизилип жатканда эл аралык адам укугун коргоочу уюмдарды керек эмес дешкен. Биздин бул чектөөбүз туура эмес болгон. Биз ал уюмдардан коркпошубуз керек.

Атайын мыйзамды парламент кабыл ала берет. Жадакалса бир күндө эле 3 окуудан өткөрүп салышат. Бирок ал мыйзам туура эмес болот. Экс-президент Алмазбек Атамбаев кызматтан кетип жатып, азыркы президент Сооронбай Жээнбеков кызматка келип жатып мунапыс жарыяласа туура болмок. Себеби күнөөсүз камакта отургандар көп. Эми азыркы кырдаалда жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу гана ишти кайрадан караган оң", - деди Карасартова.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан