Жарандык активисттер шаар мэри Албек Ибраимовду отставка кетирүүнү талап кылып митингге чыгышты

14-майда “Кыргызстан жашылдар партиясынын” демилгеси менен “Биз тумчугуп баратабыз” деген аталыштагы митинг өтүп, анда жарандык активисттер шаар мэри Албек Ибраимовдун отставкасын талап кылышты. Бул тууралуу “Жашылдар партиясынын” лидери Эркин Бөлөкбаев SUPER.KG порталына бидирди.

Ал өз сөзүндө: “Саат 10:00дө биздин активисттер Жаш Гвардия бульвары жана Чүй көчөсүнүн кесилишинен баштап Бишкек шаардык мэриясынын имаратына чейин жөө жүрүш жасап басып келди. Мэриянын алдында өзүбүздүн мурунку талаптарыбызды айтып чыктык. Шаар жетекчилиги биз сунуштаган резолюциянын бир да пунктун кабыл алган жок. Расмий өкүлү бизге жолугуп сунушубузду уккан жок. Мындан улам биз мэр Албек Ибраимовдун отставкасын жана Бишкек шаардык Кеңешинин таркашын талап кылабыз. Биз буга чейин мэрдин ишине ишенбөөчүлүк көрсөткөнбүз. Дагы бир талаптарыбыз - президенттин коррупция менен күрөшүү ишин колдоп мамлекеттин акчасын жеп-ичкен аткаминерлерди толугу менен жоопкерчиликке тартуу. Ошондой эле президент 2019-жылды Кыргыз өлкөсүндө "экология жылы" деп жарыялоосун сунуштайбыз”, - деп билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
nursultan17
2018-05-14 15:14:46
Эн туура кетиш керек
+5
altyn7776
2018-05-14 15:19:03
Кетиш керек да, уят болуп эмне отурат? Миллионер, он чакты кымбат жер тилкелери бар адам шаарды ойлобой, дале чонтогун ойлоп коррупция жыттанып журу. Прокуратура эмне кылып отурат чара корбой?
+4
nuri1
2018-05-14 15:19:36
5-6 киши чыгып алып активист болуп алышат. Активист болуп эмнени кыйратып салышыптыр.
-1
Adil706070
2018-05-14 15:23:42
Сыртта жамгыр жаап жатканда кудай деп эле уйдо отурушпайбы десен. Квартирада жашаган бекерчилер го,жер уйдо жашасанар корот элек митинг кылганынарды,уйунорду сел каптап кетпесин деп жан уроп,туш тарапты тосуп,арык жасап журмоксунор эки козунор торт болуп
-3
altyn7776
2018-05-14 15:26:13
Adil706070, сага окшогон жан багарлар жата берсин. Шаардын келечеги дегендер булар. Сен эмне, курсагын тойсо жел чыгарып коюп жатасын да уйундо
+3
nuri1
2018-05-14 15:34:37
Adil706070,
Бекерчиден безе кач, ушакчыдан кочо кач!!!. Бекер жатканча, бекер митинге чыгып, бекер активист бол дегендей журушот да.
-6
Sabway
2018-05-14 15:28:38
Эми жон эле жашагылачы тынч эле митингден элдер жыргап кеткен жок. Башкасы келсе эле укмуш Ган-Конг кылып салмак беле...?
-5
Tolkun555
2018-05-15 08:20:39
Ушуга окшогон корунгон жерди ээлеп алгандардын беш алтоосун мулкун мамлекетке откорсо тышкы карыздан кутулат белек.
0
rtuiop
2018-05-15 20:05:41
Ооо кокуууй ай чириген жыгылайын деп калган өзөгү чирип калган бак-дарактарды кыйып жаңы отургузатда, кыйбай жыгылып атсада айтып чыгасыңар
+1
surgeon777
2018-05-15 22:34:44
Мурда каякта журушуптур бул бекерчилер,Сокенин организаторлору уюштуруп жатышат да оз адамдарыбыз келсин тез кетпейби эми деп..
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан