Ат-Башыда жол кырсыгынан жаракат алган 5 адамдын төртөө ооруканадан чыгарылды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Жол кырсыгынан жаракат алып ооруканага түшкөн 5 адамдын төртөө абалдары жакшы болуп калганына байланыштуу ооруканадан чыгарылган. Ал эми жол кырсыгынан жаагы сынып кеткен аял Бишкек шаарындагы Улуттук госпиталга которулду. Учурда анын абалы орточо десек болот, жакында операция жасалат", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.
Айта кетсек, 4-майда Ат-Башыда жол кырсыгынан 9 адам жаракат алганы маалым болгон. Кийин Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан алардын бешөө ооруканага жаткырылып, биринин абалы оор экенин кабарлашкан.