Түштүк Корея кыргыз мигранттарына юридикалык кызмат көрсөткөн борбор ачууну көздөөдө

Түштүк Корея республикасы кыргыз мигранттарына юридикалык кызмат көрсөткөн борбор ачууну көздөөдө. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Түштүк Кореядагы атайын жана толук ыйгарымдуу элчиси Кылычбек Султан аталган өлкөнүн Улуттук ассамблеясынын коомдук салым боюнча форумунун аткаруучу секретары Ким Сон Чоль менен жолугушуусунда айтылган.

Кыргыздын Түштүк Кореядагы элчилигинен маалымдалгандай, жолугушууда Ким Сон Чоль жакын арада парламенттин жана расмий эмгек уюумунун, кесиптик билим берүү институту жана "Чуннам" университетинин өкүлдөрүнөн түзүлгөн Корей делегациясы Кыргыз жерине барууну пландап жатканын кабарлаган.

Бишкекке болгон иш сапарында делегация өлкөнүн Эмгек жана социалдык өнүктүрүү, Билим берүү жана илим министрликтери менен жолугуп, эки өлкө ортосундагы билим жана миграция тармагында иштешүүнү бекемдөө боюнча талкуулар боло тургандыгын айткан. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик миграция кызматы менен Корея Республикасынын расмий эмгек уюму эки өлкөнүн бул багытта кызматташуу меморандумуна кол коюу боюнча маселени карайт.

"Меморандумдун негизинде Түштүк Корея кыргыз мигранттарына акысыз юридикалык жардам кызматын көрсөткөн борбор ачуусу мүмкүн. Борбордо өз ишин мыкты билген 30 жактоочу иштеп, жалаң гана укугу бузулган мигранттарга эмес, түрдүү маселелерге кабылган мигранттардын көйгөйүн чечип берүүгө көмөктөшөт. Ошондой эле жолугушууда Ким Сон Чоль өнөр жай жана энергетика тармагында тажрыйба алмашуу, Кыргыз өлкөсүндө "Чуннам" университетинин филиалын ачуу боюнча кызыкчылык бар экенин айтты", - деп жазылат маалыматта.

Анда белгиленгендей, элчи Кылычбек Султан Корей делегациясынын Кыргыз Республикасына келүүсүнө көмөктөшүүгө даяр экенин билдирген. Ошондой эле ал чет өлкөдө иштеген Кыргыз мигранттарынын укугун коргоо башкы кызыкчылык экенин белгилеп, эки өлкө ортосундагы билим берүү тармагында иштешүүнү кеңейтүү сунушун да колдой тургандыгын айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
suyor
2018-05-14 19:03:07
Укук бузуулар боюнча нодонбу барго, башка дагы не керек
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан