Буга чейин социалдык тармактарда "Ырчы Жумагүл Раимжан кызы Ош шаарынын мэринин 2-жубайы, муну уккан мэрдин аялы өз өмүрүнө кол салды", - деген кеп тараган. Ырчы бийкеч өз учурунда бул сөздөрдү четке кагып, мунун баары калп экенин, Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев менен такыр мамилеси жок экенин SUPER.KG'ге билдирген.
Бул тууралуу 14-майда Ош шаардык мэриясынын маалымат кызматынын жетекчиси Талант Канатбек уулу да айтылгандардын баары карандай калп экенин айтты.
"Бул такыр эле туура эмес маалымат жана жорук. Бирөөнүн үй-бүлөсүнүн тынч турмушуна бүлүк салгысы келгендер бар экен да. Ойлонбой туруп ойдон чыгарган калпты таратып жатат. Мэр бул ушак сөздү укканда "баарын Кудайга койдум" дегенден башка кепти айткан жок. Ал эми жубайы сак саламат, үйүндө жүрөт. Мунун баары жалган экенин ал да билет", - деди Канатбек уулу.