Президент Жээнбеков Кыргыз өлкөсүндө орус тилинин орду бар экенин белгиледи

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргыз өлкөсүндө орус тилинин орду бар экенин белгиледи. Бул тууралуу президент орус басылмаларынын бирине берген маегинде билдирген.

Президент өз сөзүндө орус тили Кыргыз мамлекетинде расмий тил экенин, Конституция этникалык коомдун өз тилдеринин сакталышына кепилдик берерин айткан.

"Мамлекеттик тил жарандардын биригишин шарттаса, расмий тил КМШ өлкөлөрүнүн ортосундагы биримдикти камсыз кылат", - деди президент Жээнбеков.

Сооронбай Жээнбеков ошондой эле Кыргыз жеринде экинчи орус аскердик базасынын ачылышына каршы эмес экенин да билдирген.

"Кыргыз жеринде экинчи орус аскер базасын ачуу талкууланып келген маселелердин бири, акыркы чечим кабыл алына элек. Бирок Ооганстандагы абал коопсуздук маселесин биригип чечүүгө алып келет. Экинчи аскердик базаны түштүк аймагына ачуу терроризм, экстремизм жана баңгизаттардын аткезчилигине каршы туруу, ошондой эле эки тараптуу кызматташуу менен кыргыз мамлекетиндеги аскер бөлүктөрүнүн да деңгээли жогорулайт", - деген президент өз сөзүндө.

Эске салсак, Сооронбай Жээнбеков 14-майда Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынына катышуу үчүн Орусиянын Сочи шаарына иш сапары менен барган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан