Министр Касымалиев депутаттардын сынына кабылды

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйынында депутаттар каржы министри Адылбек Касымалиевди сынга алышты. Буга анын "Чыгыш электр" ишканасы үчүн Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынан алынып жаткан каражат боюнча так жооп бере албаганы себеп болду.

Эл өкүлү Абдывахап Нурбаев алынып жаткан каражат боюнча так жоопкер тарап болушу керектигин айтты. "Урматтуу Адылбек Алешович, бул келишим боюнча негизги жооптуу ким болот? Эмне үчүн бир-эки жетекчи так жоопкерчиликти алган эмес. Демек, сиз бул боюнча толук маалымат билбейсиз. ЖЭБ чырын көрүп жатасыңар. Так жооптуулар жоктугунан бир нече адам тиешеси бар деп айыпталып жатат", - деди депутат.

Касымалиев бул суроого 2-3 күн ичинде кат түрүндө жооп жибере турганын билдирди.

Талкуу учурунда комитет төрагасы Исхак Пирматов алынып жаткан насыяга министр өзү жооптуу экенин эскертти. "Бул документти комитетке 2-ирет алып келип жатасыңар. Адылбек Алешович, бул жерде жооп бере турган адам сиз болосуз. Документте ошентип жазылып турат. Өзүңүз келишимди окубай туруп, кантип алып келип жатасыз?" - деди Пирматов.

Маалым болгондой, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы "Чыгыш электр" ишканасына 15 жылдык мөөнөт менен 4 миллион евро көлөмүндө жеӊилдетилген насыя жана 2 миллион евро өлчөмүндө грант бөлүүдө. Насыяны төлөөнүн жеӊилдетилген мөөнөтү - 3 жыл. Комитет мүчөлөрү жыйынтыгында насыялык жана гранттык макулдашуулар боюнча ратификациялык мыйзам долбоорунун концепциясын жактырышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Dembele84
2018-05-15 12:16:39
Министр документти озу которуп келип алып,анан ким жооптуу болушун кат турундо жонотом дегени кызык болуптур.Насыяга акча берет экен десе, суйунгон боюнча распечатать этип,окубай эле уруп кирген го дейм жогорку кенешке министр Касымалиев)))
+6
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан