Өлкөдө жалпы республикалык тестирлөө башталды

Бүгүн, 15-майда жалпы республикалык тестирлөө башталды. Бул тууралуу Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун өкүлү Чынара Батракеева SUPER.KGꞌ ге билдирди.

"Жалпысынан өлкө боюнча 120 тест берүүчү борбор ачылды. Тестирлөөнүн жылдагыдан өзгөчө эрежелери деле жок. Каттоодон 43 миңге жакын абитуриент өткөн. Ал эми кечигип калган абитуриенттер 17-майда тест берүү борборлорунан каттоодон өтүп, тестке кирүү мүмкүнчүлүгүнө ээ боло алышат", - дейт Батракеева.

Билим берүү министрлигинин маалыматы боюнча, быйыл 62 миң окуучу мектепти аяктайт. Ал эми ЖРТ 2012-жылдан бери Кыргыз өлкөсүндө жогорку окуу жайга тапшыруучулар үчүн милдеттүү болуп келет.

Эске салсак, ЖРТга катталуу 2018-жылдын 15-февралында башталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан