Өзгөчө кырдаалдар министри Лейлекте селден жабыркагандардын абалы менен таанышууда

Бүгүн, 15-майда өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедов Лейлек районуна иш сапары менен барды. Министрликтин маалымат кызматынан кабарлашкандай, Мирзахмедов учурда сел кырсыгынын кесепеттерин жоюу иштеринин аткарылышын жеринде көзөмөлдөп, турак жайлары жабыркаган тургундардын абалы менен таанышууда.

"Мырзахмедов министрликтин тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүнүн башчыларына кырсыктын кесепеттерин жоюу боюнча ыкчам иш-аракеттерди жүргүзүүнү тапшырды. Ошондой эле кырсыктын кесепеттерин жоюуга бардык күч аракеттер жумшаларын айтты. Ал эми тургундар менен жолугушуу учурунда турак жайларды камсыздандыруу керек экендигин белгилеп өттү", - деп билдиришти ӨКМдан.

Айта кетсек, Лейлек районунда 13-май күнү кечки саат 16:00дөн 17:30га чейин катуу жамгыр жаап, сел жүргөн. Анын кесепетинен дамбалар бузулуп, ички чарбалык жолдор, арыктар талкаланган. Андан сырткары Исфана шаары, Сумбула, Ак-Суу, Жаңы-Жер, Кулунду, Бешкент, Маргун айыл аймагындагы айрым үйлөрдү суу каптаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан