Кыргыз-Өзбек чек арасындагы "Достук" көзөмөл өткөрүү бекетинде иш токтотулган эмес. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз катчысы Салкын Абдыкариева билдирди.
Анын айтуусуна караганда, кечээ, 14-майда көзөмөл өткөрүү бекетинде техникалык бузулуулар болгон эмес.
"Кыргыз-Өзбек чек арасындагы "Достук" көзөмөл өткөрүү бекетиндеги паспортторду текшерген жерде чоң кезек күтүү күндө эле болот. Ал жер 2 саатка жабылып калып кезек күттүк дегени калп. Кыргыз өлкөсүнө кирип келе жаткан жарандардын документтерин текшерген 6 жай бар. Ал эми Өзбекстанга чыккандардын паспортун текшерген 7 жай бар. Учурда өткөрмө бекет 24 саат бою иштеп жатат. Ар бир кызматкерде видеобайкагыч бар. Мындан сырткары мекемени көзөмөлдөп турган видеокөзөмөлдөр бар. Ошондуктан ал жерде чек ара кызматкерлери тарабынан туура эмес иш аракеттердин болуусу, бүгүнкү күндө мүмкүн эмес", - дейт Абдыкариева.
Айта кетсек, 14-майда Өзбекстандан келе жаткан эл чек арадан өтө албай 2 саат турганын "Элдик кабарга" билдирген.