Өкмөт ЖЭБдеги аварияны эске албаганда, күз-кыш мезгилинен жакшы чыкты. Мындай пикирин биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов парламенттин тармактык комитетинин жыйынында билдирди.
Өкмөт башчынын биринчи орун басарынын пикиринде, 2017-2018-жылдын күз-кыш мезгилине карата өкмөттүн даярыгы жакшы болгон. "Былтыр күз-кыш мезгилине карата даярдык жакшы болгон. Албетте, Бишкек ЖЭБиндеги маселени эске албаганда. ЖЭБ боюнча буга чейин өкмөттүк да, депутаттык да комиссия түзүлүп, иш алып барды. ЖЭБди эске албаганда, өлкө 2017-2018-жылдын күз-кыш мезгилинен жакшы чыкты", - деди Боронов.
Эске салсак, 26-январда Бишкек ЖЭБинде өндүрүштүк кырсык болуп, шаардагы үйлөргө берилген жылуулук 7 күнгө төмөндөгөн. Мындан улам бир жыл мурун Кытайдан алган 386 миллион доллар менен жаңыланган ЖЭБге карата сын-пикирлер күчөгөн. Бул факты боюнча кылмыш иштери козголуп, тергөөнүн жүрүшүндө бир топ жооптуу кызматкерлер кармалган.
Учурда Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитети 2017-2018-жылдын күз-кыш мезгилине даярдоо жөнүндө токтомду аткаруу боюнча өкмөттүн иши кароодо.