Бүгүн, 15-майда Сооронбай Жээнбеков президенттик аппараттын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн башчысы Манасбек Арабаевди кызматынан бошотту. Акыркы мезгилде коомдо бул бөлүмдү жоюп салуу сунуштары айтылууда. Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "Ак Үйдөгү сотторго кураторлук кылган кызматты калтыруу керекпи же жоюп салган оңбу?" деп собол салды.
Жарандык активист жана юрист Улан Жумаков президенттик аппараттын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмү керектүү орган деген пикирде.
"Бул бөлүм өзүнүн функцияларын толук аткара турган болсо, ал коом үчүн, сот тармагы үчүн пайдасын бере турган кызмат. Аталган бөлүмдү жоюп салганда, адамдар каякка кайрылып, сот тармагындагы иштер кантип көзөмөлдөнмөк эле. Коомчулукта айтылып жүргөн "соттордун куратору" деген түшүнүктү жоюш керек, коомдун аң сезиминен алып салуу керек, бул жерге келген адамдар эл үчүн иштеген, элдин арыз-муңун уккан адам болушу зарыл", - дейт Жумаков.
Жогорку Кеңештин депутаттары Жыргалбек Турускулов, Максат Сабиров, Алмамбет Шыкмаматов, саясий илимдердин доктору Канатбек Азиздин пикирлери төмөнкү шилтемеде.