Шыкмаматов: "Манасбек Арабаев сотторго чалып, көрсөтмө берип турчу"

Бүгүн, 15-майда Сооронбай Жээнбеков президенттик аппараттын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн башчысы Манасбек Арабаевди кызматынан бошотту. Акыркы мезгилде коомдо бул бөлүмдү жоюп салуу сунуштары айтылууда. Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "Ак Үйдөгү сотторго кураторлук кылган кызматты калтыруу керекпи же жоюп салган оңбу?" деп собол салды.

Жогорку Кеңештин депутаты Алмамбет Шыкмаматов президенттик аппараттын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн мурдагы башчысы Манасбек Арабаев соттук иштерге дайыма аралашып келгенин айтты. "Бул бөлүм керек, анын мыйзамда каралган ыйгарым укуктары бар. Бул негизинен соттук реформа жүргүзө турган бөлүм. Негизги жумушу мыйзамдарга багытталыш керек, реформаларга барыш керек. Сотторго түздөн-түз кийлигишип, соттордун ишине көрсөтмө берип, телефон чалган - бул ыйгарым укуктарынан сыртка чыгып кеткендик. Бул кылмыш болуп эсептелинет. Арабаевдин ордуна келген жаңы адам өз милдетин кынтыксыз аткарса жетиштүү. Аталган бөлүмдүн мурдагы башчысы соттук иштерге дайыма аралашкан. Айрыкча, саясий чуулуу иштер боюнча түздөн-түз сотторго телефон чалып көрсөтмө берип турчу", - деди Шыкмаматов.

Жогорку Кеңештин депутаттары Жыргалбек Турускулов, Максат Сабиров, саясий илимдердин доктору Канатбек Азиз, жарандык активист Улан Жумаковдун пикирлери төмөнкү шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан