Нарында “Кыргыз шырдагы” фестивалы башталды

Бүгүн, 22-июнда Нарын облусунда улуттук буюм-тайымдарды жасаган уста, уз, кооперативдер, кичи ишканалар, өнөрканалар катышкан “Кыргыз шырдагы” фестивалы башталды. 3 жыл катары менен өткөрүлүп келаткан фестивалда кол эмгегинен жаралган табылгалар көрсөтүлүп, аларды жасоо боюнча мастер-класстар уюштурулат. Каалоочулар фестивалга катышып, шырдак, кийиз жасаганды, чий, ат токуганды, сайма сайганды үйрөнүп, улуттук салт-санааларга күбө боло алышат. Иш-чара бүгүн жана эртең Нарын районундагы “Салкын-Төр” мамлекеттик улуттук жаратылыш сейил багында өтөт. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан