Бишкекте Европа киносунун фестивалы башталат

Бишкекте Европа киносунун фестивалы башталат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Европа Биримдигинин өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чара бүгүн, 16-майда Бишкек шаарында башталып 20-майга чейин улантылат. Фестивалдын алкагында көрүүчүлөргө 13 тасма тартууланат. Тасмалар Европа биримдигине мүчө мамлекеттердин тилинде, орусча субтитрлер менен көрсөтүлөт.

"Иш-чара Бишкек шаарында 5 жылдан бери уюштурулуп келет. Ал эми Ош шаарында биринчи жолу өткөрүлүп жатат. Иш-чаранын негизги максаты - Кыргыз өлкөсү менен уюмга мүчө өлкөлөрдүн маданий байланышын жакшыртуу. Каалоочулар үчүн акысыз билеттер таратылууда", - деди маалымат катчы.

Иш-чара Бишкекте "Ала-Тоо" кинотеатрында 16-майдан 20-майга чейин, Ошто "KinoBox Семетей” кинотеатрында 24-майдан 27-майга чейин өтөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан